Кыргызстандын Улуттук футбол академиясы ФИФАнын «Таланттарды өнүктүрүү схемасы» программасынын алкагында StatSports Apex GPS-трекерлерин 26,5 миң долларга сатып алды. Бул жаңы спорттук-аналитикалык жабдуулар дүйнөдөгү көптөгөн кесипкөй футбол клубдары жана улуттук курамалар колдонгон системанын бири.
StatSports Apex трекерлери оюнчулардын спорттук көрсөткүчтөрүн реалдуу убакыт режиминде анализдөөгө мүмкүндүк берет. Машыктыруучулар жана медициналык топ ар бир оюнчунун 50дөн ашык параметрин көзөмөлдөй алышат.
- Жүргөн аралык
- Ылдамдык
- Ылдамдоо
- Тыным алуу саны жана интенсивдүүлүгү
Бул маалыматтар жабыркагандан кийин оюнчулардын машыгууга кайтуусунун даярдыгын так аныктоого жардам берет. Ошондой эле, заманбап технологияларды колдонуу машыгуу процессин эл аралык стандарттарга ылайык уюштурууга шарт түзөт.
Жыйынтыгында, GPS-трекерлердин жардамы менен Кыргызстандын футбол академиясы оюнчулардын физикалык абалын объективдүү баалап, машыгуу натыйжалуулугун жогорулатууга чоң салым кошот.
