Жаңы ачылган борбордун негизги максаты — аутизм спектринин бузулушу бар жана башка өзгөчө өнүгүүсүнөн муктаж балдардын деңгээлине жараша жекече сабактарды өткөрүү. Адистер балдардын баарлашуу көндүмдөрүн жакшыртууга, өзүнүн муктаждыктарын билдирүүгө жана күнүмдүк турмуштук көндүмдөрдү өздөштүрүүгө басым жасашат.
Ата-энелер жана студенттер үчүн мүмкүнчүлүктөр
Борбордук иштин маанилүү багыттарынын бири — ата-энелерди окутуу. Алар сабакка катышып, адистерден балдарын үйдө кантип туура тарбиялоо боюнча практикалык сунуштарды жана методикаларды алышат. Ошондой эле, бул жер педагогика жана психология багытында окуган студенттер үчүн практикалык база катары кызмат кылат. Келечектеги адистер тажрыйбалуу окутуучулардын жетекчилиги астында теориялык билимдерин иш жүзүндө беките алышат.
Ачылуу аземи
Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин гуманитардык-педагогикалык факультетинин базасында ачылуу аземи расмий түрдө өттү. Иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, факультет декандары, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.



















