2022-жылдын 29-декабрында иштеп баштаган «Келечек» борборунун мүмкүнчүлүктөрү кеңейүүдө. Министр Алмаз Имангазиев борборго барып, андагы шарттар жана адистердин иши менен таанышты.

Борбордун ишиндеги көрсөткүчтөр

Министрлик берген маалыматка ылайык, борбор ачылган күндөн тартып жалпы санын эсептегенде төмөнкүдөй көрсөткүчтөр катталды:

Борбордун иши боюнча маалымат

2546жардам алган балдар
49учурдагы колдонуучулар
37стационардык дарылануудагылар
12күндүзгү режимдегилер
29жардамчылар

Ата-энелердин сунуштары

Визит учурунда өзгөчө муктаждыктары бар балдардын ата-энелери менен баарлашуу жүргүзүлдү. Алар адистердин сапатын жогору баалоо менен бирге, борборду кошумча жабдуулар менен камсыздоо боюнча сунуштарын айтышты.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев өзгөчө шарттары бар балдар үчүн ыңгайлуу чөйрө түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, кызмат көрсөтүүнүн сапатын дайыма жакшыртуу керектигин айтты.