22-ноябрда Балыкчы—Боконбаев—Каракол автожолунун 53-чакымында, Кара-Коо айылынын аймагында жол кырсыгы болду. Кызыл-Туу айылынын тургуну М. Т. (1996-жылы туулган) башкарып жаткан Volkswagen Passat унаасы чыгыш тараптан батыш тарапка карай жүрүп жатканда, жолго чыгып калган уйду сүйкөп алган. Кырсыктын кесепетинен унаа жолдон чыгып кеткен.

Кырсыктын натыйжасында унаанын жүргүнчүсү Э. С. денесинен жаракат алып, Тон районунун райондук ооруканасына госпитализацияланды.
Жол кыймылы эрежелери жана коопсуздук
Жол кыймылы эрежелеринин 1.2-пунктуна ылайык, мал багып жүргөн адамдар жол кыймылынын катышуучулары болуп эсептелет. Мал багып жүрүүчүлөргө карата 24-бөлүмдө белгиленген талаптар бар.
Документтен
Малды жол аркылуу күндүз убагында өткөрүү керек. Автоунаа жолдорунун жээктеринде жана чөптүү аймактарда мал жаюуга тыюу салынат.
Ошондой эле, мал багып жүрүүчүлөргө төмөнкү аракеттерге тыюу салынат:
- Малды жолдо көзөмөлсүз калтыруу
- Түнкү убакта же көрүү мүмкүн болбогон шартта мал өткөрүү
- Асфальт же цементтүү жолдор менен мал өткөрүү
Статистика
Кыргызстанда мал менен болгон кырсыктар (соңку 10 айда)






