Коммерциялык банктар шектүү каржылык операцияларды атайын антифрод-система аркылуу текшерүүгө милдеттүү болот. Эгерде транзакция шектүү деп табылса, аны текшерүү жүргүзүү максатында 30 күнгө чейин бөгөттөөгө болот.

Киберкоргоо жана жаңы механизмдер

Улуттук банктын киберкоркунучтарга каршы аракеттенүү бөлүмүнүн башкы администратору Азамат Тиленбаевдин билдирүүсүнө караганда, өлкөдө шектүү адамдардын «кара тизмесин» жүргүзүүчү борборлоштурулган антифрод-система ишке ашырылууда. Мындан тышкары, ар бир финансылык уюм өзүнүн ички локалдык кара тизмесин түзүүгө тийиш.

Жарандарды коргоо чаралары

Алдуучулардан коргоо үчүн кошумча механизмдер да каралган. Алардын ичинде кардарлар алдамчылардын таасири астында калып, каржылык чечим кабыл алуудан мурун ойлонуп алуусу үчүн «салкындатуу мезгили» киргизилет.

Коргоо мөөнөттөрү

12саат (салкындатуу мезгили)
24саат (салкындатуу мезгили)
30күн (бөгөттөө мөөнөтү)

Ошондой эле жарандар «Түндүк» тиркемеси аркылуу кредит алууга өз алдынча тыюу салоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.