Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, региондо 2026-жылдын алгачкы он айында өздөштүрүлгөн инвестициялардын көлөмү 18,99 млрд сомду түздү. Салыштыруу 2025-жылдын ушул эле мезгили менен салыштырмалуу баада жүргүзүлдү.
Райондор жана шаарлар боюнча динамика
Инвестициялык активдүүлүктүн эң кескин секириши Баткен шаарында катталды. Облустун башка калктуу конуштарында да оң динамика байкалганы менен, облустук борбордогу өсүү темпи регион боюнча орточо көрсөткүчтөрдөн бир топ алдыда.
Каржылоо булактары
Капиталдык салымдардын негизги бөлүгү жалпы көлөмдүн 96,7% түзкөн подряддык иштерди аткарууга жумшалган. Каражаттар мамлекеттик жана жеке каналдарды кошкондо бир нече негизги булактардан түшкөн.
- республикалык бюджет
- чет элдик гранттар
- банктык кредиттер
- калктын каражаттары











