Баткен районунда министрлик тарабынан мектептер, бала бакча жана ФАПтын курулушу боюнча иштер иликтенди. Бул тууралуу Өзгөчө курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрилигинен билдиришти.

Министр Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы боюнча, министрликтин турак жай-граждандык курулуш департаментинин директорунун орун басары Мирлан Бузурманкулов курулуштун жүрүшү менен таанышып чыкты.

Текшерүү учурунда Айырбас айылындагы 500 орундуу жаңы мектеп, Жаңы-Жер айылындагы 500 орундуу мектеп, ошондой эле Жаңы-Достук айылындагы 225 орундуу мектеп, 100 орундуу бала бакча жана ФАПтын курулушу каралды.

Айырбас айылындагы 500 орундуу мектептин курулушу 2024-жылдын октябрь айында башталган. Азыркы учурда курулуштун көпчүлүк иштери бүткөрүлүп, эмеректерди орнотуу жана айлана-чөйрөнү оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Жалпы чыгым 157 миллион сомго жетет.

Жаңы-Жер айылындагы 500 орундуу мектепти куруу 2023-жылдын сентябрь айында башталган. Учурда курулуш-монтаждоо иштери акыркы этапта турат. Бул долбоор республиканын бюджетинен каржыланган жана жалпы суммасы 164 миллион сомду түзөт.

Ошондой эле Жаңы-Достук айылында 225 орундуу мектеп, 100 орундуу бала бакча жана ФАП курулушу жүргүзүлүүдө.