Кыргызстанда илимий-эксперименталдуу долбоор аркылуу карагананы малдын азыгы катары пайдалануу иштери жүрүүдө. Аталган демилгени Өндүрүштүк жана айлана-чөйрөнү коргоо илим изилдөө борбору Кытай илим академиясы менен биргеликте ишке ашырууда.

Бул долбоордун негизги максаты - деградацияга учураган ашуулардагы экологиялык абалды жакшыртуу, мал чарбачылыгына керектүү сапаттуу азык менен камсыз кылуу жана жергиликтүү дыйкандардын кирешесин жогорулатуу.

Суусамыр өрөөнүндө акыркы жылдары карагананын тыгыз өсүмдүгү кеңейип, ашуулардын аянтын кыскартып, мал жаюуга ыңгайлуу жайлар азайган. Мурда бул өсүмдүк көйгөй катары каралса, азыр анын биокорм кылып кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү изилденүүдө.

Эксперименталдуу иштерде карагананы тамырынан кыюп, атайын техникалар менен майдалап, биокорм жасоо технологиясы колдонулуп жатат. Бул процесс Суусамыр жайлоосунда өтүүдө.

Мамлекеттик жана илимий адистер бул ыкманын Кыргызстандагы шартына ылайыктуулугун жана эффективдүүлүгүн изилдеп, малга жарактуу жана пайдалуу азык өндүрүү максатында натыйжаларын байкоодо.