Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөө мүмкүнчүлүгү бар. Экономикалык илимдердин доктору, профессор Гурас Жапаров бул тууралуу 2026-2028-жылдардагы тышкы карыз боюнча төлөмдөрдүн эң жогорку чек экенин айтып билдирди.
Жапаровдун айтымында, карыз эки түргө бөлүнүп, алар — ички жана тышкы карыз. Тышкы карызды негизинен Эл аралык валюта фонду, Азия өнүгүү банкы жана Кытайдын Экспорт-импорт банкы сыяктуу уюмдар жана мамлекеттер каржылашат.
Ал белгилегендей, Кыргызстандын тышкы карызынын төлөмдөрү 2026, 2027 жана 2028-жылдарда эң жогору деңгээлге жетет. Андан соң карыз боюнча төлөмдөр кыскарат.










