Баткен районунун Алтын-Бешик аймагында Согмент—Чарбак багытында жаңы автожол курулушу жүрүп жатат. Жалпы жолдун узундугу 3 километрге жетет жана аны курууга Транспорт жана коммуникациялар министрлиги каражат бөлүп жатат. Учурда даярдык иштери жүрүп жатат.
Баткенде Сох анклавын айланып өтүүчү жаңы жол курулушу айылдардын транспорттук байланышын жакшыртат
Баткен районунда Согменттен Чарбакка багытта жаңы автожол курулушу жаралып жатат. Бул жол курулушу бир нече айылдардын аймагынан өтүп, алар үчүн Сох анклавы аркылуу жүрүү зарылчылыгын азайтып, облустук борборго жетүү жолун жакшыртат.



















