Кышкы туристтик маалга карата Иссык-Көлдө жергиликтүү тургундардын жана туристтердин коопсуздугун камсыздоо чаралары күчөтүлгөн.
Туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери чет элдик туристтерге, анын ичинде бельгиялыктарга, англис тилинде маалыматтык колдоо көрсөтүшөт.
Туристтерге «Кыргызстанга кош келиңиздер!» деп кайрылуу менен алардын эс алуусу жана тажрыйбалары тууралуу суроолор берилди.
Бельгиялык коноктор саякаты жакшы өтүп жатканын, өзүбүздү коопсуз сезишерин, Кыргызстандын табигатына жана тоолоруна суктанганын, жергиликтүү элдин меймандостугун жогору баалаганын билдиришти.
Инострандык коноктор милиция кызматкерлеринин англис тилин жакшы билгенин жана маалыматты түшүнүктүү кыла билгенин белгилешти.
Туристтерге коопсуздук эрежелери эскертип айтылып, зарыл болсо Instagram жана WhatsApp аркылуу туристтик-экологиялык милицияга кайрылса болору маалымдалды.












