Төлөмдөрдүн суммасы баланын канчачынчы экенине жараша белгиленет. Бул каражат 2026-жылдын 1-январынан кийин төрөлгөн төртүнчү жана андан артык бала үчүн берилет. Акчаны алуу үчүн бала бир жашка толгондо кайрылуу зарыл.

Төлөмдөрдүн өлчөмдөрү

100 000сом (төртүнчү бала үчүн)
2 000 000сом (бешинчи жана андан кийинкилер үчүн)

Кимдерге бул жардам берилет?

Жардам алуу үчүн эне төмөнкү талаптарды бир убакта канааттандырышы керек:

  • Кыргызстандын жараны болуу же кайрылмандын күбөлүгүнө ээ болуу
  • 2026-жылдын 1-январынан кийин төртүнчү же андан кийинки баланы төрөтүү
  • Арыз берген күнгө чейин алыскы же бийик тоолуу аймакта кеминде эки жыл бою туруктуу жашап келүү
  • Бала бир жашка толгондон кийин белгиленген мөөнөттө кайрылуу

Төлөмдөрдүн тартиби боюнча эсептөөдө мурда каза болуп кеткен балдарды да эсепке алууга болот, эгерде алардын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрү болсо.

Негиз

Документтен

Төлөмдөрдүн шарттары Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-октябрындагы № 642 токтому менен бекитилген тартип менен белгиленген.
Министрлер Кабинетинин токтому