Нарын шаарында 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында кедейчиликтин деңгээли былтыркы жылга салыштырмалуу 8,3%га чейин төмөндөгөнү ачыкка чыкты.
«Үй-бүлөгө көмөк» программасы боюнча, быйыл 229 аз камсыз болгон үй-бүлөгө жалпысынан 649 балага төлөмдөр жүргүзүлдү, ал эми өткөн жылдын ошол эле мезгилинде 326 үй-бүлө, 968 бала төлөм алган.
2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында аталган программанын каржылоо көлөмү 7 миллион 234 миң 400 сомду түзүп, ал былтыркы жылга салыштырмалуу 4 миллион 81 миң 100 сомго азайды.
Ай сайын берилүүчү төлөмдүн өлчөмү 1800 сомду түзөт.
Жогорку тоолуу райондордун жашоочуларына жардам берүү боюнча 2025-жылдын сентябрында кабыл алынган өкмөттүк токтомдун негизинде, 2026-жылдын экинчи чейрегинде Нарын шаарында 830 эне жана 897 балага ай сайын 3000 сомдон төлөмдөр таанып берилүүдө.
Социалдык төлөмдөрдү алгандардын саны 2025-жылдын 1-июлуна карата 1242 адам болсо, 2026-жылдын ушул мезгилинде 1208 адамга кыскарган.
Азыркы учурда социалдык төлөмдөргө бөлүнгөн каражаттын жалпы суммасы 64 миллион 976 миң 900 сомду түзөт, ал былтыркы көрсөткүчтөн аздыгына карабастан каражаттын көлөмү көбөйгөн.






