# 23 мектепте жогорку класстын окуучулары, педагогдор жана тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү чогулушту. Акциянын негизги максаты — өспүрүмдөрдү зомбулуктун бардык түрлөрүн кабыл албоого үйрөтүү, өз ара сыйлоону тарбиялоо жана окуу жайларында коопсуз чөйрө түзүү.

Иш-чаранын программасы

Катышуучулар үчүн маданий программа даярдалды. «Багыт» театрынын режиссёру райондук педагогдор менен биргеликте театрлаштырылган коюмду сунуштаса, райондун балдар чыгармачылык борбору концерт уюштурду.

Иш-чарага Свердлов району администрациясынын башчысынын орун басары Айнура Арстамбекова, райондун Билим берүү башкармалыгынын башчысы Жыргал Абдыжапарова, ошондой эле психологдор жана социалдык педагогдор катышты.

Контекст

Шаардагы билим берүү мекемелеринде буллинг менен зомбулуктун алдын алуу боюнча мындай иштер туруктуу негизде жүргүзүлүп турат.