Үчүнчү деңгээлдеги ооруканаларды колдоо долбоорунун алкагында Улуттук онкология жана гематология борборуна Fujifilm компаниясынын эки санариптик маммографы өткөрүлүп берилди. Жабдыктар Жапондун эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) көмөгү менен берилди.
Диагностиканын мүмкүнчүлүктөрү жана биопсия
Ведомствонун маалыматы боюнча, жаңы технологияларды киргизүү текшерүүлөрдүн санын гана көбөйтпөстөн, маанилүү медициналык мүмкүнчүлүктү камсыз кылат: борбордо биринчи жолу маммографиялык контролдун астында биопсия жүргүзүлөт.
Жабдыктарды жаңылоо
Жабдыктарды өткөрүп берүү аземине Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов, Япониянын өзгөчө жана ыйгарым укуктуу элчиси Рюити Хирано, ошондой эле JICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Котаро Нисигату катышты. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары Таалайбек Масабиров, Гулкан Молдобекова жана Чолпон Эсенамановалар болду.


























