16-июль күнү Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Ак-Ордо, Ала-Тоо жана Арча-Бешик конуштарынын тургундары менен жолугушту. Иш-чарага шаардык кызматтардын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү аймактардын өкүлдөрү да катышты.

Тургундар негизинен инженердик инфраструктураны өнүктүрүү маселелерин көтөрүштү. Алар суу менен камсыздоо, канализация, газ берүү, тротуарларды куруу, жолдорду асфальттоо, коомдук транспортту уюштуруу, социалдык объекттерди кеңейтүү жана жер талаштары боюнча суроолорду берди.

Мэр Айбек Джунушалиев көпчүлүк инженердик түйүндөр мурда тургундардын өз күчү менен курулгандыгын, бул учурда иштөөдө көйгөйлөр жаралганын белгиледи. Ошондуктан шаар бийлиги инфраструктураны системалуу өнүктүрүү багытында комплекстүү иштерди жүргүзүп жатат.

Ранее по темеБишкектин мэрига водохранилищ аймагын курууга берип коюуну сунушташкан

Айбек Джунушалиев бул жылы шаардагы бардык жашоо конуштарында суу жана канализация системаларын куруу долбоорлору даярдалары, андан кийин баскычтуу түрдө долбоорлорду ишке ашыруу, жолдорду жана тротуарларды куруу башталарын белгиледи.

Мэр ошондой эле жергиликтүү тургундардан түшкөн кайрылууларга байланыштуу Ала-Тоо конушунда талаш жараткан участканы өз көзү менен көрүп, анда мурда курулган үйлөрдүн аянтында жол ачууга мүмкүнчүлүк жоктугун белгиледи. Бул маселени чечүү үчүн тиешелүү кызматтарга жол табууну жана мыйзамдуу кызыкчылыктарды коргоону тапшырды.