Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Нуркожо-Ата» жана «Адилет» элдүү райондорунун жашоочулары менен жолугушуп, алардын инфраструктураны өнүктүрүү боюнча маселелери талкууланды.

Жолугушууда жашоочулар жолдорду кеңейтүү, коомдук транспорттун ишин жакшыртуу, таза суу менен камсыздоо жана айланадагы коргоо зонасында жайгашкан болжол менен 300 жер участогу мыйзамдаштыруу маселелерин көтөрдү.

Жергиликтүү тургундар ашар жолу менен селден коргоочу дамба курууну сунушташты. Мэр бул идеяны карап чыгып, тобокелчиликтерди баалоо үчүн атайын комиссия түзүүнү тапшырды.

Ошондой эле мэр «Нуркожо-Атада» жайгашкан 6 гектар жер участогу тууралуу айтып, ал жерге суу алуу жайын куруу жана эски мектептин ордуна бала бакчаны кеңейтүүнү пландап жатканын айтты. Аны алмаштыруу же сатып алуу маселелерин изилдөөнү тапшырды.