Бишкек мэриясы Садырбаев менен Масалиев көчөлөрү кесилишкен жерде өз алдынча курулган объектилерди демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө.

Бул боюнча маалыматты мэрия билдирген. Иштердин жыйынтыгында, шаардык бийлик өз алдынча курулган объектилерден улам эки миң квадрат метрден ашык муниципалдык жерди бошотушу күтүлүүдө.

180тызак
2000+м² жер

Ошондой эле, мыйзам бузуучуга карата протоколдор түзүлгөн жана жер кодексинин талаптарына ылайык муниципалдык жер тилкесин фактылык пайдалануу үчүн төлөмүн эсептөө жүргүзүлгөн.

Мэриянын өкүлдөрү ишкерлерди жер кодексинин талаптарын сактоого, муниципалдык жерлерди өз алдынча ээлеп алыбоого жана берилген жер тилкелеринин чектеринен чыкпай турууга чакырышкан.