Бишкек шаарынын борборунда жайгашкан Ала-Тоо аянтында ачык асман алдында музыкалык кеч болуп өттү.

Бул иш-чарага шаардык мэриянын маданият башкармалыгынын духовой оркестри катышып, шаардыктарга жандуу музыка тартуулады.

Музыкалык кеч шаар тургундары үчүн уюштурулуп, маданияттын жайылышына жана шаар тургундарынын көңүл ачышына багытталган.