Бишкек шаарында дагы бир бак асфальттын ичинде калганын шаар тургуну байкап, видеосун социалдык тармактарда жарыялады.
Аталган бак Абдрахманов көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишиндеги жерге асфальт төшөлүп жатканда калган. Бул көрүнүш коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратты.
Видеону көргөн шаар тургундары шаардагы бактарды сактоо маселесине көңүл бурууга чакырышты.










