Маалыматка ылайык, "Кыргыз Каганат" ЖЧК ишканасы Бишкек шаарындагы Токомбаев көчөсүндө жайгашкан 14 кабаттуу турак жай комплексинин курулуш иштеринде коопсуздук талаптарын сактабагандыгы үчүн жоопко тартылган. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө бир катар эреже бузуулар аныкталган, анын натыйжасында компания 200 миң сом өлчөмүндө айып төлөөгө милдеттендирилген.