Кыргызстандын Кинематография департаменти жарандарды өз иши жөнүндө маалымдоо жана ченемдик документтерди жайгаштыруу максатында расмий веб-сайт иштеп чыгуу боюнча тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, бул иштерди аткарууга 186 миң сом каралган.

Иштелип чыга турган сайт заманбап, адаптивдүү болушу керек, ошондой эле персоналдык компьютерлерде, ноутбуктарда, планшеттерде жана мобилдик түзмөктөрдө туура көрсөтүлүшү зарыл.

Сайтка коюлган негизги талаптар:

  • адаптивдүү дизайн;
  • ыңгайлуу навигация;
  • сайт ичинде издөө функциясы;
  • жаңылыктарды жарыялоо;
  • файлдарды жүктөө;
  • фотогалереяны көрсөтүү;
  • кайтарым байланыш формасы;
  • социалдык тармактар (Facebook, Instagram, YouTube ж.б.) менен интеграциялоо;
  • байланыш маалыматтарын көрсөтүү;
  • функционалдык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү.

Жумуштар келишим түзүлгөндөн кийин 40 календарлык күндүн ичинде аткарылышы керек. Жеткирүүчүлөрдүн сунуштары 29-июлга чейин кабыл алынат.