2024-жылы август айында Бишкекте бир жаран криптовалютасын алмашуу максатында берген учурда алдамчылыкка кабылып, анын эсебинен 82 550 USDT уурдалган.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы берген маалыматка караганда, кылмышкер жалгыз эмес, ал жана анын шериктештери бул схеманы колдонушкан.

Шектүү 43 жаштагы адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда Кылмыштардын иликтөө бөлүмү териштирүү иштерин улантууда.