Бул иш-чара аялдардын жатын моюнчасынын рагын эрте аныктоо жана үзгүлтүксүз скринингден өтүү маанилүүлүгү тууралуу маалымат берүүгө багытталган. Иш-чаранын жүрүшүндө адам папиллома вирусунун (АПВ) оорунун өнүгүшүндөгү ролу жана рак алдындагы өзгөрүүлөрдү аныктоонун заманбап ыкмалары талкууланды.
Скринингдин маанилүүлүгү
Адистер Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан баштапкы скринингдин эң натыйжалуу ыкмасы катары сунушталган АПВ-ДНК тестирлөөсүнө өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле, эч кандай белгилер байкалбаган учурда да текшерүүдөн өтүү зарыл экени белгиленди.
Медиа-брифингге № 1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун бейтаптары, үй-бүлөлүк дарыгерлер, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана уюштуруучулар катышты.









