Бишкектин мэриясы 2026-жылдын башынан бери шаарда жолдорду оңдоо боюнча иштер активдүү жүрүп, 46 жол объектиси боюнча оңдоо аяктаганын билдирүүдө.
Ондолгон объектилердин ичинен 33 автожол участогу жана 13 тротуар участогу бар. Жалпысынан быйылкы жылы 119 объектте оңдоо иштери башталган.
Мэриянын маалыматына караганда, 2026-жылга планда 127 көчөнү оңдоо жана 29 тротуар участогунда оңдоо иштерин жүргүзүү кирет.
Ондолгон негизги жол участкалары
- "Джал" микрорайону – 92 жана 94 үйлөрдүн ортосу
- Жайыл Баатыр көчөсү – Арча-Бешик көчөсүнөн "Мурас Юнайтед" стадионунун аймагына чейин
- Жайыл Баатыр көчөсү – Евразия паркынан Муромская көчөсүнө чейин






