ИИМдин БМЖККББ кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн алкагында, унаа каражаттарын баңгизат абалында башкарып жаткан айдоочуларды табууга багытталган рейд уюштурулду. Маалыматка ылайык, рейд учурунда алты айдоочу текшерилип, алардын бешөөсүнүн баңгизат колдонгону лабораториялык жол менен ырасталды.
Жүргүзүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында жалпысынан 22 административдик укук бузуу протоколу түзүлүп, жети унаа атайын токтоочу жайга киргизилди.
Рейддин натыйжалары


