Бишкек шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жана ШОС саммити ачылышын көрүү үчүн фан-зоналар уюштурулат. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, бул чаралар түз эфирде жеткиликтүү болушу үчүн атайын бөлүктөр уюштурулат.

Башкы фан-зона Ала-Тоо аянтында жайгаштырылат. Ошондой эле шаардагы төрт аймак—Октябрь, Ленин, Первомай жана Свердлов районунда бир нече жерлерде дагы фан-зоналар иштей турганын белгилешти.

Фан-зоналар жайгашкан аймактар

  • Октябрь району: «Тунгуч-1» сквери, «Ынтымак-2» паркынын амфитеатры, Д.Асанов атындагы парк
  • Ленин району: Фучик паркы, Ак-Орго конушундагы «Ашар» паркы, Джалдагы «Муун» сквери
  • Первомай району: Ч. Тулебердиев паркында, Токтоналиев көчөсүндөгү спорт комплекси, Ак Босого конушундогу сквер
  • Свердлов району: «Алга» спорт комплекси, Восток-5 микрорайондо жайгашкан №66 орто мектеби, Энесай көчөсүндөгү №21 орто мектеп

Ар бир фан-зонада чоң LED экрандар орнотулат, ал аркылуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи жана ШОС саммитинин негизги иш-чаралары түз көрсөтүлмөкчү.