VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өткөрүлүп, спорттук жарышка кошумча катары өлкөнүн маданий мурастарын, көчмөн цивилизациясынын баалуулуктарын жана туризм мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө таанытуу максатында уюштурулууда.
Коноктор жана катышуучулар үчүн кыргыз элинин тарыхын, салттарын, кол өнөрчүлүгүн, улуттук тамак-ашын жана көчмөн турмушун жакындан тааныша турган атайын туристтик маршруттар каралган.
Ачылыш Бишкекте өтөт
Ири иш-чаранын салтанаттуу ачылышы Бишкектеги жаңы курулуудагы «Бишкек Арена» стадионунда өткөрүлөт. Бул арена 51 миң көрүүчүгө ылайыкташтырылган жана учурда курулуш иштери акыркы баскычында турат.
Ачылыштан кийин катышуучулар менен расмий делегациялар Ысык-Көл облусуна жөнөп, негизги спорттук жана маданий иш-чаралар ошол жакта өтөт.
Маалымат
Кырчын жайлоосунда этногородок курулуп жатат
Ийримдин негизги жайларынын бири болгон Кырчын жайлоосунда "Көчмөндөрдүн дүйнөсү" аталышындагы этнокультурдук шаарчаны куруу иштери жүрүп жатат.
Бул шаарчада эки этногородок жайгашып, ал оюндун маданий программаларын, көргөзмөлөрдү жана коноктор үчүн ар тараптуу мүмкүнчүлүктөрдү камсыздайт.



































