Бишкек мэриясы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасынын алкагында эки жабык теннис комплексин реконструкциялоо боюнча сынактын жеңүүчүлөрүн аныктады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Долбоорлор Тоголок Молдо көчөсү, 17а жана 4-кичи район, 14/2 даректериндеги спорт объектилерин оңдоону жана жеңил конструкцияларды курууну карайт.
Сынактын жыйынтыгында 4-кичи райондогу объектти "Прайм Корт" ЖЧКсы оңдой турган болду. Ал эми Тоголок Молдо көчөсүндөгү комплексти реконструкциялоо боюнча сынактын жеңүүчүсү "Октопус Интернешнл" ЖЧКсы деп табылды.
Мэриянын маалыматына ылайык, иштер аяктагандан кийин шаарда жыл бою иштей турган заманбап жабык теннис комплекстери пайда болот. Бул теннис спортчулары үчүн машыгуу шарттарын жакшыртып, массалык жана профессионалдык теннистин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө.
Сынакты Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору менен биргеликте уюштурган.





