Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев 11-августта шаарда курулушу жана оңдоп-түздөөлөр жүрүп жаткан бир катар социалдык объектилер менен жолдору менен таанышып чыкты.

Мэр Ак-Тилек конушундагы Ак-Шоокум көчөсүндөгү жаңы бала бакча жайгашкан жерге барып, анда жүрүп жаткан котельнаянын жана имараттын ички жана сырткы оңдоо иштерин текшерди.

Андан соң, Ал мэр Ауэзов көчөсүнөн 8-көчөгө чейинки аралыктагы Түркия Анкара көчөсүндөгү тротуардын курулушу менен таанышты. Бул тротуардын узундугу бир чакырымга жетет.

Ошондой эле Кара-Жыгач конушундагы Шаты көчөсүнүн Кара-Жыгач көчөсүнөн Субан-Ата көчөсүнө чейинки аралыктагы 616 метр жолдун курулушуна барып, жолдун үч метрлик кенендиги жана эки тарабындагы 924 метр тротуарлардын абалы менен таанышкан.