Бишкек шаарында коомдук чыгындыларды куруу боюнча аукцион аяктады. Жалпысынан 12 локация сунушталган болсо, ишкерлер үч гана жерге кызыгып, келишим түздү.
Келишим түзүлгөн жерлердин ичинен биринчи — 7-Апрель менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилиши. Экинчи — 12-микрорайондо жайгашкан жай. Үчүнчүсү — Чүй проспектиси менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишиндеги жер.
Калган тогуз локация боюнча инвесторлорду издөө иштери уланууда. Мэрия шаар тургундары үчүн коомдук жайлардын санын көбөйтүүнү көздөп жатат.






