Кыргыз өкмөтү "Центральноазиатская энергетика" компаниясынын директору Шао Пейпей менен келишимге кол койду. Бул макулдашуу негизинде Кочкор-Атада нефтеперерабатывающий завод курулууда.
Завод жылына 450 миң тонна нефтьти кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Анын продукциясы бензин, дизель күйүүчү майы, битум жана мотор майларын камтыйт.
Жаңы ишканада кеминде 300 жумушчу орун түзүлүп, алардын көпчүлүгү кыргызстандыктар болот.







