Бишкектеги Биринчи Май райондук сотуна коррупциялык айыптар менен «Вазелин» каймана аты менен белгилүү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы кызматкери К.У.К. боюнча кылмыш иши келди.
К.У.К. учурда №1 тергөө абагында камакта турат. Анын соту август айынын 17-сында башталат.
Мурда К.У.К. милиция кызматкери болуп эмгектенген жана анын аты социалдык тармактарда мурдагы Бишкек КНСБ жетекчиси Эльдар Жакыпбеков тарабынан түзүлгөн «40 чоро» катарында да айтылган.










