Бишкек шаардык Юстиция министрлигинин алдындагы кезек жарандардын онлайн кызматтарды колдонууга карабай, документтерине бир штамп алуу үчүн жеке барууга аргасыз болуп жатышын көрсөттү.
Көпчүлүк колдонуучулар мындай процедуранын санариптештирилбегенин сындап, онлайн режимде иш жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бар экендигин эскертишти.
«Булардын баары бир штамп алуу үчүн керек. Аны онлайн кылса болот эле. Санариптештирүү кайда? Адамдарды эмне учун кайрадан кезекке коюп жатышат, түшүнүксүз» — делген билдирүү соцтармактарда жарыяланды.





