Мурун жашаган жери боюнча каттоого туруу үчүн жарандар Калкты тейлөө борборуна барууга мажбур болушчу. Эми мындай зарылчылык жоюлду. Жаңы онлайн кызмат батир ээлерине да, жөнөкөй жарандарга да электрондук кол тамга аркылуу каттоону жол-жоболоштурууга мүмкүнчүлүк берет.

Турак жайдын ээлери өздөрүн, балдарын же башка жарандарды каттоо үчүн бир нече жөнөкөй кадамдарды аткарышы керек:

  • Турак жайды тандоо
  • Жеке идентификациялык номерин көрсөтүү же баланы тандоо
  • Онлайн идентификациядан өтүү
  • Электрондук кол тамга менен арызга кол коюу

Жаңы жашаган жерине каттоого турууну каалаган жарандар үчүн дагы процедура жөнөкөйлөтүлгөн:

  • Келүү максатын тандоо
  • Онлайн идентификациядан өтүү
  • Электрондук кол тамга менен арызга кол коюу

"Кызмат" мамлекеттик мекемеси жаңы кызмат Калкты тейлөө борборуна барбай, кезексиз, каалаган ыңгайлуу убакытта каттоону жүргүзүүгө мүмкүндүк берерин белгиледи.