Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдарга жардам берүүчү «Аялзат» борборунда фасадды жана имараттын коргоочу тосмосун капиталдык оңдоо иштери аяктады. Учурда адистер ички жайларды косметикалык оңдоо жана аймакты көрктөндүрүү иштери менен алектенип жатышат, ал жерге брусчатка төшөлүүдө.
«Акниет» борборун жаңылоо
Турмуштук оор кырдаалдагы балдар үчүн «Акниет» борборунда спорттук жана турмуш-тиричилик инфраструктурасына басым жасалды. Бул жерде воркаут элементтери бар балдар оюн аянтчасы, ошондой эле футбол, баскетбол жана волейбол үчүн универсалдуу аянтча түзүлдү.
Мындан тышкары, мекемеде ашкана оңдолуп, жылууттуулук системасы алмаштырылды. Учурда борбордо башка оңдоо иштери да уланууда.










