Бишкек шаардык балдар тез жардам клиникалык ооруканасынын администрациясы респиратордук оорулар менен ооругандардын палаталарында кондиционерлерди колдонбогону тууралуу коомчулукка түшүндүрмө берди.
Учурда Бишкек шаарында аба туруксуз жана абдан ысык болуп жаткан болсо да, медициналык себептерден улам мындай бейтаптардын палаталарында температуранын кескин өзгөрүшүнө алып келүүчү кондиционерлерди колдонууга тыюу салынган.
Оорукананын маалыматына ылайык, муздак аба тыныгуу жолдоруна терс таасирин тийгизип, жергиликтүү иммунитетти түшүрүп, оору көбөйүшүнө себеп болушу мүмкүн.
Айрыкча дене табы жогору жана дем алуу органдары ооругандардын абалында бул кооптуу экени белгиленди.
Палаталарда кондиционердин ордуна дайыма иштеп турган желдеткичтер орнотулган жана аба үзгүлтүксүз алмашып турат.
Ошондой эле, санитардык-гигиеналык талаптардын толук сакталышы камсыздалат.
Кондиционерлер оорукананын айрым бөлүктөрүндө, мисалы, амбулатордук-диагностикалык бөлүмдө, операциялык блоктордо жана дары-дармектерди сактоо жерлеринде колдонулат.



