Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев акыркы учурда өлкө аймагында көбөйгөн электр жарыгын өчүрүүлөргө байланыштуу маселеге комментарий берди.

Анын айтымында, калк эмнеден улам жарык өчүп жатканын так билбей, түшүндүрмө албай турат. Ошол эле учурда, өчүрүүлөрдөн улам келген экономикалык жана социалдык зыян азырынча эсептөөлөргө алынган жок.

Белгиленгендей, мындай жагдай кала берсе, элдин турмушуна терс таасир тийгизе бериши мүмкүн.