Бишкектеги эң белгилүү соода борборлордун бири болуп эсептелген Dordoi Plaza-2 эки күндөн бери иштебей турат.
Соода борбордун экинчи күн катары менен жабык болушуна техникалык себептер түрткү болгон. Бирок жабылыштын так себеби жана иштин качан жанданаары тууралуу азырынча расмий маалымат берилген жок.
Бул кырдаал соода борборун колдонгон кардарлар жана ишкерлер арасында суроо жаратууда.
Азырынча расмий билдирүүлөр күтүлүүдө жана көйгөйдү чечүү үчүн керектүү иштер уланууда.







