Бул окуя Бишкекте болгон. Өрт ижарага алынган турак жайдан чыгып, коңшу төрт үйгө да жайылган.

«Берешен» кайрымдуулук борборунун негиздөөчүсү Жаныш Нарынбаевдин айтымында, өрт 11-классты жаңы бүтүргөн кыздын жүгөрү кайнатып жатканынан чыккан. Ал сатуу үчүн жүгөрү кайнатып, от өчтү деп ойлоп үйгө кирип кеткен. Бирок катуу шамалдан улам очоктон учкундар чыгып, жакын жерде турган көп сандагы отундар тез күйүп кеткен. Натыйжада, жалын тез жайылып, үй-бүлөнүн ижарага алган үйү жана коңшу төрт үй жабыркаган.

Үй-бүлөнүн негизги кирешесин кенже балдары таап келишкен. Уулу Эржигит Ош базарынан желим кутуларды чогултса, кызы 11-классты аяктагандан кийин бышырылган жүгөрү сатып жан баккан.

Өрттөн кийин коңшулар Жаныш Нарынбаевге жардам сурап кайрылышкан. Ал социалдык тармактарга кырдаал тууралуу видео жарыялаган. Бул видео тез тарап, каражат чогултуу башталган.

Кыргызстандыктар төрт сааттын ичинде 1,2 миллион сом чогултушкан болсо, жалпысынан эки күндүн ичинде үй-бүлөгө эки миллион сомдон ашык каражат которулган.