Минск шаардык соту 2026-жылдын 6-августунда криминалдык авторитет Алманбет Анапияевдин өлтүрүлүшү боюнча иште өкүм чыгарды. Кыргызстандын жарандары Гүлжигит Абилазизов менен Бектүрсун Төрөбаев топ тарабынан өзгөчө мыкаачылык менен жасалган киши өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылды.

Абилазизов күчөтүлгөн режимдеги колонияга 18 жылга кесилди. Ал 2024-жылдын 6-августунда Казакстанда кармалып, андан кийин Беларуска экстрадицияланган. 2025-жылдын 15-июлунда Орусияда кармалган Төрөбаев 13 жылга кесилди. Иштин дагы бир фигуранты эл аралык издөөдө.

Мында өкүмдө киши өлтүрүүнүн уюштуруучусунун аты аталган жок. Болжолдуу уюштуруучуларга карата тергөө иштери уланып жатат. Ошондой эле, укук коргоо органдары Абилазизовдун Кыргызстандын тергөөчүлөрүнө жалган көрсөтмө бергендигинин жагдайларын текшерип жатышат.

Алманбет Анапияев жөнүндө

ИИМдин маалыматы боюнча, криминалдык чөйрөдө Алманбет Алайский деген ат менен белгилүү болгон Алманбет Анапияев кылмыштуу топтун лидери катары саналган. Мекеме анын баңгизат аткезчилигинен түшкөн акча менен топтун мүчөлөрүн курал-жарак жана акча менен камсыз кылганын билдирген.

2012-жылдын декабрында АКШ "Бир туугандык чөйрө" деп аталган евразиялык кылмыштуу топко байланышы бар бир катар Кыргыз жарандарына каржылык санкцияларды киргизген. Бул тизмеге Анапияев да кирген.