«Погода и климат» ресурсунун берген маалыматына караганда, Бишкекте 26-июлдун эң ысык күнү 2021-жылы катталган. Ошол күнү борбор калаада абанын температурасы +41,3 градуска жеткен. Ал эми 26-июлдун эң суук күнү 1949-жылы болуп, термометр +12,1 градусту көрсөткөн.

«Погода и климат» ресурсу дүйнөнүн ар кайсы бурчундагы аба ырайы тууралуу маалыматтарды берет. Бишкектеги аба ырайын көзөмөлдөө үчүн суткалык маалыматтар 1936-жылдан 2024-жылга чейин, ал эми аба ырайынын аномалиялары 1898-жылдан бери алынып келет. Температуралык рекорддор ар бир күн үчүн суткалык маалыматтардын эң төмөнкү жана эң жогорку маанилери катары аныкталат.

Июль айындагы орточо температуралар

Борбор калаа үчүн июль айынын орточо айлык температурасынын нормасы +25,5 градусту түзөт. Байкоолор башталгандан бери эң ысык ай 2019-жылдын июлу болуп, орточо айлык температура +28,7 градус болгон. Эң суук июль 1898-жылы катталып, орточо температура +21,8 градусту түзгөн.

Жакынкы күндөргө карата аба ырайы

Синоптиктердин болжолуна ылайык, 26-июлда Бишкекте аба аз булуттуу, бир аз жаан жаайт. Күндүз аба +33 градуска чейин, түнкүсүн +21 градуска чейин жылыйт.