Бишкек шаарынын тургундары коомдук тармактарда муниципалитетке кайрылып, шаардагы мыйзамсыз тосмолорду, шлагбаумдарды жана башка тоскоолдуктарды системалуу түрдө алып салыш үчүн кампанияны кайрадан баштоону суранышты.
Алардын айтымында, бул тосмолор шаардагы муниципалдык жерлерде орнотулуп, көчөлөрдө тупиктерди жаратуу менен кошо өзгөчө кырдаал автоунааларынын — тез жардам жана өрт өчүрүүчүлөрдүн — өтүүсүнө жолтоо болуп, коопсуздукту кемитүүдө.
Азыркы учурда шаардык кызматтар негизинен жолдорду оңдоо жана жаңыртуу иштери жүргүзүлүп жаткан жерлерде гана тосмолорду сүрүп жатышат. Мурда шаарда масштабдуу кампания жүргүзүлгөн, анда мектептердин, жогорку окуу жайлардын жана мамлекеттик мекемелердин аймагында орнотулган тосмолор алынып салынган.









