Министр энергетики Алтынбек Рысбеков Иссык-Кул облусунда жайгашкан Орто-Токой ГЭСине барып, станцияда жүрүп жаткан пусконаладка иштеринин абалын өзү көзөмөлдөдү.
Азыркы учурда «Чакан ГЭС» ОАОнун адистери жана China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясынын өкүлдөрү генераторлорду ар түрдүү режимдерде сыноодон өткөрүп, жабдууларды ырастоону жүзөгө ашырууда.
Ошондой эле, станциянын башкаруу системаларын, көзөмөл жана релейлик коргоо жабдууларын тууралоо иштери жүрүп жатат.
Орто-Токой ГЭСтин 110 кВ аба линиясы ОАО «НЭСК» электр тармагына туташтырылды. Бул үчүн 110 кВ «Орто-Токойская ГЭС» линиясы менен 110 кВ «Иссык-Кульская – Кочкорская» линиясынын байланыш бөлүктөрү иштелип чыкты.
Пусконаладка иштери бүтүп, станция ишке киргизилген соң, анын 21 МВт кубаттуулугу өлкөнүн бирдиктүү энергетикалык системасына берилет.
Министр Рысбеков жүргүзүлгөн иштер менен таанышып, аларды мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүрүүнү камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берди.
Орто-Токой ГЭС Иссык-Кул облусундагы Орто-Токой суу сактагычында жайгашкан жана сунушталган долбоорго ылайык, 110 кВ чыңалуудагы жабдуулар, электр өткөргүч линиясы жана 25 МВА күчүндөгү трансформатор орнотулган.











