Жыйындын алкагында конушта аткарылган иштердин жыйынтыгы, 2027-жылга чейинки өнүктүрүү пландары жана тургундарды тынчсыздандырган маселелер каралды. Талкуу учурунда мектептердин жана бала бакчалардын жетишсиздигин чечүү, социалдык объекттерди модернизациялоо жана жол коопсуздугун камсыз кылуу сыяктуу маанилүү багыттар айтылды.

Транспорт жана социалдык объекттер

Конуштун тургундары үчүн транспорттук каттамдарды кеңейтүү жана кошумча аялдамаларды уюштуруу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле, мектеп жана бала бакчалардын жетекчилери катышкан талкууда социалдык инфраструктураны жакшыртуу боюнча конкреттүү кадамдар белгиленди.

Бишкек шаарынын вице-мэри Рахат Мусаева, Ленин районунун акимиатынын өкүлдөрү жана мэриянын кызматкерлери жыйында катышып, көйгөйлөрдү комплекстүү чечүү боюнча сунуштарын билдиришти.

Келечектеги пландар

Жылдызбек Абдраимов көйгөйлөрдү чечүүдө тиешелүү мекемелердин биргелешип иш алып баруусу зарыл экенин белгиледи. Жыйындын жыйынтыгында кошумча иш алып барууну талап кылган маселелер аныкталып, аларды чечүү боюнча түзүмдүк бөлүмдөргө тапшырмалар берилди.