Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгы 22-июлдан 31-июлга чейин "Притон" аталышындагы алдын алуу иш-чарасын уюштурууда. Бул тууралуу райондук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын негизги максаты — коомдук тартипти камсыз кылуу, сойкулук жана аны уюштуруу менен байланышкан мыйзам бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу, ошондой эле мыйзамсыз аракеттер жүргүзүлүшү мүмкүн болгон батирлерди, мейманканаларды жана башка объектилерди текшерүү.
Алдын алуу иш-чарасынын алгачкы эки күнүндө Ленин райондук ИИБге 30 жаран жеткирилген. Алардын онуна карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 109-2-беренеси ("Сойкулук менен алектенүү") боюнча протоколдор түзүлдү.
Жыйналган материалдар кароо үчүн сотко жөнөтүлөт. Милициянын маалыматы боюнча, алдын алуу иш-чаралары 31-июлга чейин уланат.







