Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл районунун Ананьево айылында курулуп жаткан №33 жаңы өрт-куткаруу бөлүмүнүн имаратына барды. Ал жерден курулуш иштерин уюштуруу жана аткаруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
ӨКМ башчысы Ысык-Көлдө социалдык жана куткаруучу объекттердин курулушун текшерди
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө бир катар маанилүү объекттердин курулуш иштери менен таанышты. Текшерүүнүн жыйынтыгында министр тиешелүү тапшырмаларды берди.























