Курулуш объектисинин жалпы аянты 7 000 чарчы метрди түзөт. Имарат беш блокко бөлүнүп, анын ичинде үч кабаттуу окуу корпусу, чоң зал, китепкана, ашкана жана заманбап спорттук зал камтылган.

Иш жүрүшүндөгү азыркы этаптар

Курулуш иштери ушул жылдын март айынан бери жүрүп келет. Строительство, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин билдирүүсүнө караганда, учурда ички тазалоо иштери жана эмеректерди орнотуу жүрүүдө.

Ошондой эле мектептин аянтында спорт менен машыгуу үчүн ачык аянтчалар даярдалууда.

Мектептин негизги көрсөткүчтөрү

900окуучунун орду
7 000чарчы метр аянты
5блоктун саны

Мектептин ауласында футбол, волейбол жана баскетбол оюндарын ойноо үчүн атайын аянтчалар каралган.