Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылында Т. Назаров атындагы жаңы мектептин курулушу башталды. Долбоор республикалык бюджеттин каражаты менен каржыланып, анын жалпы суммасы 124 миллион сомду түзөт.

Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына ылайык, мектептин жалпы аянты 1630 чарчы метрди түзөт жана 150 окуучуга ылайыкталган. Имарат эки кабаттуу окуу корпусунан, өтмө галереядан жана спорт залдан турат.

Мындан тышкары, мектептин аймагында мини-футбол, волейбол жана баскетбол аянтчалары курулмакчы.

Курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган. Учурда лифт орнотулуп, жылытуу жана өрт өчүрүү системаларын монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

Курулуштун жүрүшү жана сапаты Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти жана Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан тынымсыз көзөмөлдөнүп турат.