Борис Надеждин өзүнүн Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасына талапкерлигин коё турган кампаниясын токтотту. Ал чогултулган колдорду шайлоо комиссиясына тапшырууну пландаган эмес.

Политик акыркы аптадагы кысымдарга байланыштуу мындай чечимге келгенин айтты. Ал өзүнө «чет элдик агент» деп таануу, административдик иштердин ачылышы сыяктуу кысымдар болуп жатканын белгиледи.

«Менин тилимди тыгып, саясаттан чыгарып салышууда, жашоомду оорлотту. Оппозициялык саясат менен эркин алек болууга мүмкүнчүлүктөрүм жоголду. Менин командам, тарапкерлерим тобокелге салынбасын дедим»
Борис Надеждин

Ал кампанияда чогултулган каражаттарды штабдын кызматкерлерине жана кол топтоочуларга төлөмдөр үчүн жумшаларын убада кылды.

Надеждин өзүнө колдоо көрсөткөн адамдарга ыраазычылык билдирип, өлкөдө дагы деле үмүт бар экенин айтты. Ал алдыда кантип жашоосун улантарын ойлонуп жатканын кошумчалады.

Анын талапкерликке талапкерлигин берүүү 2026-жылдын июнь айында болгон. Бир айдан аз убакыт өткөндөн кийин Россиянын юстиция министрлиги аны «чет элдик агент» деп жарыялады.

Андан кийин полиция тарабынан кармалып, кайсы бир сүрөтү аркылуу экстремисттик белгилерди көрсөттү деп айыпталды. Жыйынтыгында 1000 рубль айып пул төлөп, Россиядан кеткенге чектөө салынды.